Тогузторо районундагы ата-энелер менен мугалимдер өкмөт башчыга, облбийликке, каржы министрлигине жолдогон кайрылууда Көкирим айыл өкмөтүнө караштууу Бирдик орто мектебинин абалы оор экени айтылат. Мектептин устун жыгачтары тактай полдору чирип, жаракалары чоңоюуда. Бирок ага карабай эски мектепте 280 бала билим алууну улантууда. Орто мектеп 1973-жылы курулган. Чукул кырдаал министрлиги 2001-жылы мектепти пайдаланууга жараксыз деп чечим чыгарган. Мектеп жамааты менен айыл тургундары облбийлик менен өкмөт башчыдан орто мектеп үчүн атайын жай жана анын курулушуна каражат ажыратууну өтүнүштү. Бул тууралуу райондо болуп кайткан губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов билдирди. (YA)