Канада Ооганстанда өз аскерлеринин туруу мөөнөтүн, эгер НАТОнун башка өлкөлөрү жоокерлерин өлкөнүн өтө кооптуу түштүк аймагына жиберсе гана узартат. Бул тууралуу кечээ өлкөнүн премьер- министри Стивен Харпер билдирди. Азыр Ооганстандын Кандагар провинцинсында эки жарым миңдей канадалык аскер бар. Алардын Ооганстанда туруу мөөнөтү 2009-жылы аяктайт жана парламент тарабынан узартылышы мүмкүн. Канада буга чейин Ооганстандан 78 аскер кызматчысын жана бир дипломатын жоготкон.