Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

CАТЫЛБАГАН НЕ КАЛДЫ?


Бүгүн жарык көргөн “МСН” гезити биринчи бетине “Кыргызгаз” АК газсчетчиктердин көрсөткүчтөрүн массалык түрдө текшерип чыгууну чечти”, “Агым” гезити “Кытайлардын баарысы саяк болуп калсачы?”, “Белый пароход” гезити “Кыргыз оппозициясынын антологиясы” деген баш темалар менен басылып чыкты. Анда гезиттердин ичин “аралап”, аларга учкай көз чаптырып өтөлү.

Кыргызстан 16-17 жылдык тарыхында ата-бабадан калган жер, стратегиялык арбайы бийик Үзөңгү-Куушту Кытайга кармата берди. Ысык-Көлдө 72 участок ар бири 5,5 миллион доллардан сатылып жатыптыр, Чүй боорунда, Бишкектин өзүндө жер аянттары алыпсатарлыктын, арам махинация менен аласалдыруунун айла-амалына айланган. Түштүктө жер түккө турбаган акчага айырбашталууда. Болгондо да коңшу өзбектер менен тажиктерге. Бирок өткөн бийликтин да көрөргө көзү, угарга кулагы жок эле, бул бийликтики андан бешбетер сыяктанат, мунун бир мисалы катары кечээ жакында эле Баткенден 8 жер аянты Тажикстандын балансына өтүп кеткенин келтирсе болот. Ал эми муну түштөн кийин “билген” жергиликтүү бийлик санын чабымыш болуп койду, деп жазды “Агым” гезитиндеги “Ошту кантип Ошингтонго айлантабыз” деген макаласында белгилүү журналист Алым Токтомушев. “Агым” мындан тышкары ЖК төрага фондун мурдагыдан 2 эсеге көбөйттү. Мунун зарылчылыгы канча деген суроо менен кайрылганда экс-депутат Тайырбек Сарпашев, төрага фондунун мурдагы акчасы деле анча чоң сумманы түзчү эмес, болгону 700 миң сомдун тегереги болучу, бул эми парламенттин ички иши десе, Медиа иниститутунун деректири Илим Карыпбеков, ЖК бийликтин бир бутагы. Арасынан ашып кетсе 10 депутат гана мыйзам жазат. Калгандары бирөө түрмөгө түшсө аны куткаруу менен, жеке иштери менен алек болот, 2 эсе эмес 10 эсеге жогорулатса деле кетирген чыгымдарынын каякка жумшалаганын эл билбейт. Мен каршымын деп жооп берди.

Өткөндө айрым ММКлар Кыргызстан 2007-жылдын жыйынтыгы менен алганда демократиялык нормалардан кыйла артка чегинип кетти, мунун мисалы катары Бишкек шаар мэриясынын тынчтык митингдерди жана эл көп чогулган жыйындарды өткөрүүнүн тартибин киргизгенин келтирсе болот деп жазып чыгышты. Бирок каалагандай митингди кааалаган жерде өткөрүү, кан жолдорду бууп, шаар турмушунун демейдеги жашоо ыргагын бузуп, жарандарды чочулатуунун өзү да эркиндиктин эмес анархиянын белгиси деп белгилеген “МСН” гезити, бекем бийлиги жок өлкөдө жашоо абдан ыңгайсыз, башаламандык менен анархия өкүм сүргөн жерде деги эле жакшылык болбойт, андыктан мамлекет болгондон кийин анын таяна турган күчү да болгону оң, өкүмдүн,кысымдын эмес, мыйзамы күчтүү мамлекет, биз кыргызстандыктар дал ушундай цивилизациялуу, демократиялуу мамлкетте жашагыбыз келсе, анда анын жашоо нормалары жана мыйзамдары менен жашаганды да үйрөнүүбүз керек, бирок бул узак жол деп жазды “Расплата за чужие грехи” деген макаласында.

Оппозиция деген жок болдубу дедиңер эле. Мына ал! Революциялык комитет деген түзүлдү. Жаз келери менен бул комитет бийликке көрсөтө тургандарын жар салып чыкты. Алтугай Акүйдөгү “падышаны” кулатам деп туру. Бирок жаңы падыша ким болорун айтпайт. Деги кимиси болсо анысы болсун. Айырмасы канча? Кыскасы ала жазда эрикпей тургун болдук деп кеп салган “Белый пароход” гезити “Кыргыз оппозициясынын антолгоиясы” деген макаласында оппозицияны 7 топко бөлгөн. 1-топту парламенттик оппозиция атап, ага формалдуу болсо дагы Социал-демократтар партиясы кирерин, 2-топтогусу-укук коргоочулардан турган оппозиция, бул топ үчүн шаар мэри да, президент да авторитет эмес, 3-топтогуну салттуу оппозиция деп атаса болот. Ага “Ар намыс” жана “Ата Мекен” партиялары кошулат, 4-топтогу оппозиция бир калыптагы же сабырдуу оппозиция, бул топко көбүнчө мурдагы атка минерлер менен мурдагы парламентарийлер кирет, мисалы А.Эркебаев, А.Муралиев өңдүүлөр. Эгер Акүй аларды кызматка чакырса бара берет, бирок Бакиев бийлиги мындай “коркунучсуз” кишилерди кызматка чакырбайт, анын тескерисинче биринчи иретте өзү чочулагандарды бийликке тартып жатат. 5- топтогу оппозиция бул А.Бекназаровдун ревкомитети. 6-топтогу оппозиция тамырын кенен жайып келаткан диний-экстремисттик “Хизб-ут-Тахрир” партиясы сыяктуулар. Ал эми 7-топтогуга ашкана оппозициясын кошсо болот. Ага президенттин саясый каршылаштары түзгөн кыймылдарга же партияларга кирбеген, бирок элдин өтө пассивдүү, ошону менен бирге эле эң эле көпчүлүгүн түзгөн масса экенин, кайсыл гана режим болбосун эң коркунучтуусу ушул болорун белгилеп, Бакиевдин бактысына анын саясаттагы жолуна Маскөө менен Астана батасын берип келатканын, кокус антпегенде миңдеген эмгек мандикерлери өз Мекенине кайтып келип, ач жылаңачтар менен бийликке алымсынбагандардын армиясын толуктайт эле деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG