Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

12:42 Электр кубатынын баасы апрелге чейин көтөрүлбөйт


Игорь Чудиновдун айтымында, тарифтерди көтөрүү маселеси өкмөт тарабынан март айында каралып, баалар ошондо аныкталат. “Бааларды көтөрүү менен пенсия жана керектөөнүн эң аз өлчөмүн да көбөйтөбүз. Тарифтерди бир жарым жыл мурун эле көтөрүү керек болчу. Буга барбасак, инфляцияны ооздуктай албай калабыз”, - деди өкмөт башчы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында. Өз кезегинде комитеттин айрым мүчөлөрү электр кубат бааларынын көтөрүлүшү биринчи кезекте элет тургундары үчүн катуу сокку болоорун белгилешти. Жыйында “Ак жол” партиясы энергетикалык объектилеринин менчиктешитрүүсүн колдооп берээри айтылып, бирок депутаттар муну менен баалар да асмандап кетпейт деген кепилдикти да талап кылышты. Игорь Чудинов буга тарифтерди көтөрүүгө мамлекеттен башка эч ким укуктуу эмес деп жооп берди. (JTo)

XS
SM
MD
LG