Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

13:02 Мэрия менен шаардык ИИБ укук коргоочулардын айыптоолорун төгүндөөдө


“Жарандар мыйзамсыз массалык түрдө шаар жетекчилери тарабынан камоого алынып жатат деген укук коргоочулардын билдирүүсү туура эмес”, - деп шаардык ички иштер бөлүмү жана мэриянын басма сөз кызматы билдирүү таркатты. Анда: “Жарандар кармалат, убактылуу камакка алынат - бул туура. Бирок адатта ал жерге паcпорттук режимди бузгандар, коомдук тартипти бузуп бейбаштык кылгандар, уурулукка баргандар келип түшөт. Албетте убактылуу кармап, бөлүштүрүүчү жайдын шартты жакшы деп мактана албайбыз, себеби анда 1980 – жылдан бери ремонт жасала элек. Андан көрө укук коргоочулар чет жактан алган жардамына мамлекетти гана сындай бербестен, адам укуктарын коргоо боюнча конкретүү ишке жумшашса дурус болмок эле. Маселен, биз аларга убактылуу кармап, бөлүштүрүүчү жайды ремонттоого багыттаса деп сунуштайбыз”, - деп айтылган билдирүүдө. (ESu)

XS
SM
MD
LG