Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:58

15:00 Фермерлерге тракторлор берилди


“Беларусь” тракторун алган фермерлер кредиттик союздардын мүчөлөрү болуп эсептелишет. Кредииттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Каржылык компаниясынын башкы мүдүрү Каныш Шаршекееванын журналисттерге билдиргени боюнча 2005-2007-жылдары Кыргызстанга Минскиден 50гө жакын айыл чарба техникалары апкелинген. Бүгүнкү 22 тракторду Баткен, Жалалабат, Ош, Талас, Чүй жана Ысыккөл облустарынын дыйкандары алышты. Эмки айдын аягына чейин дагы 22 трактор темир жол аркылуу апкелинет. Айыл чарба техникалары дыйкандарга 12% үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө кредитке берилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG