Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Молдомуса Конгантиев ИИМдин органдарынын кызматкерлерине билдирүү таратты. Анда министр Ички иштер министрлиги 80 жылдан ашуун мезгилден бери өлкөдө мыйзамдуулукту сактоодо жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоодо үзүрлүү эмгектенип келатканын айткан. Аны менен катар М.Конгантиев тартип коргоо органдарындагы проблемалар тууралуу да кеңири билдирип, мисалы, мындан ары себепсиз эле жарандардын паспортторун текшерүү, уруксатсыз эле өндүрүш, соода-орундарын текшерип-жабуу өңдүү мыйзамсыз көрүнүштөрдү токтотууну милиция кызматкерлеринен талап кылган. Буга чейин өлкөдөгү бир топ адам укугун коргоочулар соңку айларда массалык түрдө адамдардын документтерин себепсиз текшерип, камоолор орун алганын билдиришкен эле. Алар бул тууралуу маалыматты камтыган кайрылууну Бириккен Улуттар Уюмуна да жиберишкен. (TD)