Биринчи Май райондук соту кечээ Жогорку Кеңештин жанында өткөн “Мен ишенбейм..” акциясынын төрт катышуучусунун ишин карайт. Аларга административдик кодекстин 371-392-беренеси боюнча мыйзамга жана милицияга баш ийбеген, деген айып тагылган. Ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Ирина Воронцова карашы күтүлүүдө. “Мен ишенбейм..” акциясынын дагы 7 катышуучусунун соту эртең болот. Бул тууралуу “Мен ишенбейм..” акциясынын катышуучуларынын бири Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” билдирди. (ZKo)