Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

17:35 Укук коргоочулар АКШ өкмөтүн “Миң жылдыктын көйгөйлөрү” программасын Кыргызстанда токтотуп турууга чакырышууда


Бул тууралуу бир катар бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандагы элчисинин атына багытталган кайрылуусунда билдиришкен. Алар кыргыз бийлиги мыйзам үстөмдүгүнүн, адам укуктарынын жана демократиянын чыныгы тарапкерлери экендигин иш жүзүндө көрсөткөнүнө чейин “Миң жылдыктын көйгөйлөрү” программасынан Кыргызстанды четтетип турууну өтүнүшкөн. “Акыркы убактарда өлкөдө адам укуктары тебеленип, жарандардын тынч чогулуусуна чектөө коюлуп, өз оюн ачык айтка адамдарга эркинен ажыратуу менен көз көрүнөө кысым көрсөтүлүп жатат. Ал эми бир катар кармап-камоолордун башында турган Бишкек ИИБнын мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиев бул аракеттери үчүн шаар мэринин мактоосуна татып, президент аны ички иштер министри кызматына жогорулатты," деп айтылат кайрылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG