Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

17:52 Жалалабатта “Сентябрь” телеканалынын мунарасына байланыштуу иш сотто каралууда


Соттук коллегиянын экинчи жолку кеңешмесине Сузак райондук архитектура кызматынын башчысы келген жок. Талкуу убагында Кара Алма токой чарбасынын башкы токойчусун чакыртуу, сыналгыга ажыратылган жердин картасын алуу зарылдыгы туулду. Ушул себептерге байланыштуу сот иши 6-февралга жылдырылды. Сыналгынын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев “Азаттык” үналгысына телеканалдын айланасындагы иш саясий оюнга айлангандыгын жана бийлик соттун колу менен сыналгыны жабуу аракетин көрүп жаткандыгын билдирди. Облустук бийлик мындай айыптоону четке какты. А.Текебаев Жалалабат облусундагы райондор аралык соттун телемунараны көчүрүп кетүү чечимин жокко чыгаруу талабы менен 28-декабрда облсотко кайрылган. Райондор аралык сот 5-декабрда сыналгынын мунарасына жер ажыраткан райондогу токой чарба менен Кара Алма айыл өкмөтүнүн буйругун мыйзамсыз деп тапкан. (YA)

XS
SM
MD
LG