Кыргыз-индиялык биргелешкен “Ферро-эллайс” компаниясы Ташкөмүр шаарында ферроциликон жана болот иштетүүчү эки завод куруу үчүн 68 миллион доллар инвестиция жасамакчы. Ишканалардын курулушу эмки айда баштала турган болду. Мындай ниетин индиялык ишкерлерди баштап келген компаниянын өкүлү Рам Матха губернатор Кошбай Масиров менен жолугушканда билдирген. Чет элдик компания шаарда өз кеңсесин ачкан. Губернатор Масиров индиялык ишкерлерге Ташкөмүрдүн инфраструктурасын чыңдоо, жумушка жергиликтүү тургундарды тартуу шарттарын койгон. Индиялык ишкерлер ал сунуштарды кабыл алышты. Мындай маалымат облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартовдон алынды. (YA)