Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

21:10 “Мен ишенбейм..” иш-чарасынын катышуучусу Мирсулжан Намазалиевдин ишин кароо эртеңкиге жылдырылды


Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда “Мен ишенбейм..” акциясынын төрт катышуучусунун иши каралышы белгиленген болчу. Алардын ичинде Жибек Исмаилова
административдик кодекстин 392-беренесинин негизинде “пикет-митингдерди өткөрүү тууралуу тартипти бузган” деп табылып, 1000 сомго айыпка тартылды. Ал эми күбө катары катышышы адвокаттар тарабынан талап кылынган адамдар сот ишине келбей калгандыктан, Мирсулжан Намазалиевдин ишин кароо эртеңкиге жылдырылды. Ошентип, эртең акциянын 8 катышуучусунун иши сотто каралышы күтүлүүдө, деп билдирет кабарчыбыз Жаннат Токтосунова. (TD)

XS
SM
MD
LG