Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

11:34 Бишкекте президент губернатор жана мэрлер менен жыйын курду


Анда негизинен региондорду өнүктүрүү маселеси көтөрүлүп, биринчи вице премьер-министр Искендербек Айдаралиев бул багытта иш жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү болуп бекитилди. Президент жергиликтүү бийлик башчыларынын өз алдынча программаларды түзүп, аны турмушка ашырууну талап кылды. Өз кезегинде Ош облусунун губернатору Аалы Карашев курулуш материалдары жана узак мөөнөттүү насыялар менен камсыздоо маселесин көтөрдү. Ал эми Нарын облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев Бишкек-Торугарт автожолун оңдоо, тоо текелерди атууга тыю киргизүүнү сунуштады. Президент губернаторлорду жана өкмөттү жергиликтүү жана регионалдык маалымат каражаттарын техникалык жабдууну, аларды ишин күчөтүү, маалымат коопсуздугун камсыздоо зарылчылыгын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG