Бул окуя 29-январда Москванын Медведко кичи районунда кечке жуук болгон. Белгисиз адамдар бир кыргыз жигит жана кызга кол салып, анын натыйжасында жигит каза болуп, ал эми кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда кыз ооруканада өзүнө келбей жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Раимкул Аттокуров билдирди. Анын айтымында, учурда Россиянын бийлигине расмий нота даярдалып жатат. Анда кылмышкерлерди таап жазалоо талабы коюлмакчы. Акыркы мезгилде кыргыз атуулдарын сабап өлтүрүү күч алды. Өткөн айда эле 8 атуул кылмышкерлердин колунан каза тапты, -деп белгиледи Аттокуров.(AiT)