Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

17:35 Таластык тургундар Андаш алтын кенин иштетүүдө экологияга коркунуч бар экенин эскертишүүдө


Талас районунун Көпүрөбазар айылынын тургундары тарабынан “Андаш” компаниясынын ишин көзөмөлгө алуу үчүн жакында 19 кишиден турган атайын комиссия түзүлгөн. Аталаган комиссия бүгүн “Андаш” компаниянын жетекчилигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кат жөнөтүштү. Ал катта зыян заттар сакталуучу бассейнге автоунаалар айылдын ичиндеги жолду аралап өтө тургандыгына тынчсыздануу айтылган. Комиссия бул маселени көз карандысыз комиссия келип карап чыгышын суранып, ал комиссия келмейинче “Андаш” компаниясына ишке жумушчулар алынбасын жана техникалар айылга алып келинбесин деген талап коюп жатышат. (UA)

XS
SM
MD
LG