Мектеп курагындагы кыздардын кектешүүсү өтө күчөп, муш жеген айрымдары майып болуу коркунучу менен Бишкек шаарынын ооруканасына жеткирилген. Кийин бул маселе райондун атайын коллегиясында каралды. 17-декабрда 9-класстын окуучусу Нурзат кызы Нурайды РЭС, банк жана башка мекеме жетекчилеринин кыздарды сабап кеткенин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди. Бөлүмдүн начальниги Азамат Иманказиев мектепке бир инспектор жетишпегендиктен Чолпоната шаарынын мектептерине шаар бийлиги 50 миң сом төлөп, өзүнчө адис алууну сунуштады. Райондун акими Турусбек Мансуров Чолпонатадагы рэкет кыздардын ата-энелери менен келерки коллегияда сүйлөшүү болоорун белгиледи. (RB)