Үч күнгө созула турган бул семинарда «Гендердик теңчилик боюнча 2007-2010-жылдар үчүн улуттук аракеттенүү планы» талкууланат. Президенттик администрациянын экономика жана социалдык бөлүмдүн демилгеси менен өтө турган бул иш чарага облустук, шаардык, райондук администрациялардын тиешелүү жетекчилери катышат. (BuS)