Ушул жуманын шейшемби күнүнөн бери “Мен ишенбейм...” нааразылык иш-чарасынын катышуучуларынын иштери Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Буга чейин акциянын катышуучулары Жибек Исмаилова “митинг-пикеттерди өткөрүүнүн эрежелерин бузган” деп табылып 1000 сомго, Мирсулжан Намазалиев 2000 сомго айыпка тартылышкан. Ал эми Сүйүнаалы уулу Адилет менен Айчолпон Асанбаева “күнөөсүн күбөлөндүргөн далилдердин жетишсиздигинен” улам “күнөөсүз” деп акталып чыгышты. Бүгүн буга чейин иши каралбай калгандар боюнча чечим чыгарылаары күтүлүүдө. “Мен ишенбейм...” акциясынын катышуучулары парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына наарызылык билдирип, бир канча ирет акцияларды өткөрүшкөн. (TD)