Биринчи Май райондук сотунда бүгүн да “Мен ишенбейм...” нааразылык акциясынын катышуучуларынын иши каралып жатат. Соттон кабарчыбыз Айгүл Жунушалиева билдиргенине караганда, иш-чаранын катышуучусу Гүлшайыр Абдрасулова Административдик кодекстин 392-беренесине ылайык, “митинг-пикеттерди өткөрүүнүн эрежелерин бузганы үчүн” 1000 сом айыпка тартылды. Ушул мүнөттөрдө Айчүрөк Маматкадырованын иши каралууда. Ал да аталган кодекстин 371-392-беренелери боюнча айыпталып жатат. Бүгүн жалпысынан 6 адамдын иши сотто каралышы күтүлүүдө. (TD)