Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

15:31 Орусиядагы кыргыз коомдору бүгүн орус бийликтерине кайрылуу жасашат


Кыргызстандын Москвадагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кыргызстандыктардын Орусиядагы уюмдары бүгүн орус өкмөтүнө кыргыз жарандарына кол салуу, улутчулдук маселелери боюнча кайрылуу жасашат. Анда алар тартип коргоо жана сот органдары кыргызстандыктарга каршы кол салуу фактыларын жакшы иликтебей жатышканына камтамачылык билдиришмекчи. Элчи Р.Аттокуровдун айтымында, соңку айларда кыргыз жарандарына кол салуулар көп каттала баштады. 29-январда Москванын Медведко кичи районунда белгисиз адамдар бир кыргыз жигит менен кызга кол салышкан. Натыйжада жигит каза болуп, кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Кыргызстандын элчилиги орус бийлигине бул окуя боюнча расмий нота тапшырган. (TD)

XS
SM
MD
LG