Ал таңсыктык ички жана тышкы булактардан каржыланат. Каржы министри Тажикан Калимбетованын маалыматы боюнча, таңсыктыкты жабууга Азия өнүктүрүү банкынын 280 миллион сом насыясы жана башка эл аралык уюмдардан 1 миллиард 200 миллион сом насыя алынат. Таңсыктык ошондой эле ички булактар аркылуу да каржыланат. Бул үчүн 1 миллиард 600 миллион сом мамлекеттик баалуу кагаздар чыгарылат. Андан сырткары 250 миллион сом менчиктештирүүдөн түшкөн жана башка булактардан 300 миллион сом алынат. (AiT)