Министр Молдомуса Конгантиев менен жолугушууга “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова, “Эларалык толеранттуулук үчүн” коомдук Корунун президенти Рая Кадырова катышышты. Жолугушууда ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Маркус Мюллер да болду. Кабарда айтылгандай, министр укук коргоочуларга Ички иштер министрлигин реформалоо жаатында көрүлүп жаткан аракеттери тууралуу маалымат берди. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова жолугушуу тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып: “Менде министрдин айткандары тартип коргоо жаатында жакшы жакка өзгөрүүлөр болот экен деген чоң үмүттү жаратты”, - деди. Анын айтымында, эгер министр М.Конгантиев ИИМди реформалоо боюнча аракеттерин ишке ашыра алса, ал милиция менен жарандар ортосундагы мамилени жөнгө салмак. “Министр жөн гана сөздөрдү эмес, конкреттүү сунуштарын билдиргени мени аябай кубандырды”, - деди А.Абдрасулова. (TD)