Дүйнөдө адам укуктарынын абалына назар салып келаткан Human Rights Watch уюму бүгүн жылдык докладын жарыялады. Он сегизинчи жолу чыгарылып жаткан бул баяндамада 75 ашуун өлкөдөгү адам укуктарынын абалына назар салынган. Кыргызстан тууралуу анда “2005-жылдагы “жоогазын ыңкылабынан” кийин бийликке келген Курманбек Бакиевдин өкмөтү 2007-жылы демократиялык реформалардан артка кайтканы айтылат. “Өткөн жыл жарандык коомду жана оппозиция активисттерин саясий ишмердүүлүгү үчүн айыптоолор жана көз-карандысыз журналисттин киши колдуу болушу менен эсте калды”, делет баяндамада. (TD)