Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

8:41 Бүгүн Улуттук телерадио корпорациясынын журналисттер тобу ачкачылык чарасын улантууну көздөшүүдө


Бүгүн Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору Мелис Эшимкановдун кызматтан кетишин талап кылган кызматкерлер тобу ачкачылык чарасын улантууну көздөшүүдө . Акцияны уюштуруучулардын бири, УТРКнын мурдагы төрага орун басары Бейшенбек Бекешовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул максатта бүгүн эртең менен имараттын алдына чогулушат. Кечээ акция катышуучулары имараттан күч менен чыгарылган.
Акция өткөрүү журналисттердин эрки деп эсептеген Мелис Эшимканов бул жабык мекемеде нааразылык акциясын өткөрүүгө болбой тургандыгын кечээ эскерткен. (BuS)

XS
SM
MD
LG