Бул тууралуу “Мен ишенбейм” иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди. Аталган акциянын уюштуруучулары 14-февраль сүйүү күнүндө “Мен сүйөм сени, Кыргызстан” деген тынч демонстрация уюштурганы жатабыз. Демонстрацияга мекенге болгон сүйүүсүн билдирүүнү каалаган жаштар катышат. Бул иш-чара тууралуу бүгүн-эртең керектүү тараптарга атайын билдирүү жолдойбуз. Ошондой эле күч органдарын демонстрация учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөп берүүсүн суранабыз,”- деди Г.Абдрасулова. (AiJu)