Калифорния штатынын губернатору АКШ президенттигине Республикалык партиянын негизги талапкерлери ичинен сенатор Жон МакКейнге колдоо көрсөтт. Мунун алдында 71 жаштагы МакКейнди дагы бир республикачыл саясатчы, Нью-Йорктун мурдагы мэри Руди Жулиани колдогон эле. Ал өзү да талапкерлер арасында бар эле, бирок Флорида штатындагы баштапкы шайлоодон кийин жарыштан чыкканынын жарыялады. Алдыдагы шейшемби, 5-февралда "праймериз" деп аталган баштапкы шайлоо республикалык жана демократиялык партиянын талапкерлери үчүн 20дан ашуун штатта өтөт.