“Кечээ милициянын күчү менен УТРКнын имаратынан көчөгө кууп чыккандан кийин ачкачылык акциясын биздин үйдө улантып жатабыз”,-деп билдирди Бейшенбек Бекешов “Азаттыкка”. Анын айтымында, учурда ачкачылык акциясына онго чукул адам катышууда. Бирөөнүн абалы кескин начарлап аны дарыгерлер ооруканага алып кетишкен. Кечээ ачкачылык жарыялаган эки адамдын денсоолугу начарлап, аларды да догдурлар алып кетишкен. УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабыбыз аткарылмайынча нааразылык акциябызды токтотпойбуз, дейт Бекешов. Ал эми УТРКнын жетекчилигинин пикиринде нааразылык акциясына чыккандардын коюп жаткан талаптарында негиз жок.(AJ)