Аны менен кошо “Ата Мекендин” саясий кеңешинин мүчөлөрү Эркинбек Алымбеков, Болот Шерниязов да сапар алышты. Аталган партиянын лидерлерин АКШ салттуу сый тамакка чакырган. Маалыматка караганда мындай сый тамакты Америка кошмо штаттары 1956-жылдан бери уюштуруп келет. Ага дүйнөнүн чар тарабынан меймандар чакырылат. Бейрасмий жолугушууга быйыл АКШ президенти Жорж Буш жана Конгресс мүчөлөрү катышып, кеңири пикир алмашуулар болору кабарланды. “Ата Мекендин” лидерлеринин сапары 16-февралга чейин уланмакчы. (AJ)