Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:45

10:15 УТРКнын кызматкерлери ачкачылык акциясын улантышууда


Телерадио компаниясынын жетекчилигине нааразылык билдирген он чакты кызматкерлер акциянын демилгечилеринин бири Бейшенбек Бекешовдун үйүндө ачкачылык акциясын улантышууда. Алар УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетмейинче ачкачылык акциясын токтотпой тургандыктарын билдиришти. “Азырынча биздин акыбалыбызды, коюп жаткан талаптарыбызды билгени бийликтен бирөө жарым келген жок”,- дейт Бейшенбек Бекешов. 31-январда УТРКнын имаратында ачкачылык акциясын баштаган компаниянын жыйырмага чукул кызматкерин милициялар күч менен көчөгө сүрүп чыгарышкан. Мелис Эшимканов аларды шаар кеңешинин токтомуна ылайык нааразылык акциясын М.Горькийдин эстелигинин жанында өткөргүлө деген эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG