Бүгүнкү күндө оппозицияны басмырлоо, укук коргоо органдары аркылуу камап коркутуп-үркүтүү өтө опурталдуу нерсе. Мындай пикирин эл аралык саясат жана өнүгүү институтунун аткаруучу директору Токтогул Какчекеев “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, азыркы бийлик, президенттин администрациясы, Жогорку Кеңеш өлкөдө туруктуулук жана өнүгүү болушу үчүн конструктивдик оппозицияны колдоп, алар менен биргеликте иш алып барышы зарыл. Ал эми “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болсо Кыргызстанда конструктивдүү оппозиция жоктугун, бирок бийликке каршы күчтөр бар экендигин айтты. (AJ)