Бүгүн облакимчиликке келген 50дөн ашуун адам “Береке” базарынын чыгыш тарабындагы Шуллер көчөсүндөгү тосулган тосмого, ошондой эле облустук театрдын жанынан байпак саткандарды «Кадырата», «Береке» базарларга көчүрүүгө каршылык билдиришти. Айрымдары милиция кызматкерлери уруп-сабады деп доомат айтышты. Борбордук базардын айланасында соода кылгандар губернатордун кабыл алуусун жана куугунтукту токтотууну талап кылышууда. Ал эми Шаар мэриясы мындай талаптарды негизсиз деп эсептешүүдө. (KUs)
18:00 Нарында “Береке” базарынын соодагерлери облустук администрациянын алдында нааразылык билдиришти