Бул тууралуу вице-премьер Баткен облусунун кеңейтилген коллегиясында маалым кылды. Досбол Нур уулунун айтымында, буга чейин бир катар баткендиктерден Султан Айжигитовдун кызматтан алынганына нааразычылык каттары бийликке жеткенин айтып, жакынкы күндөрдө Баткендин экс-губернатору президент аппаратында кеңешчи катары иштеп калышы мүмкүн. Ошондой эле вице-премьер Баткен районундагы эки мектептин курулушу менен таанышып, аларга бюджеттен каражат карала турганын билдирди. (SA)
18:15 Баткен облусунун мурдагы губернатору С. Айжигитов президенттин администрациясында иштеп калышы мүмкүн