Нью-Йорктогу Палгрейв басмаканасынан жаңы чыккан "Палгрейвдин Борбор Азия боюнча тарыхый чакан атласы" аймактын Искендер Зулкарнайндын доорунан бүгүнкү терроризм менен согушка чейинки мезгилдеги тарыхын жана тарыхый географиясын камтыйт. Китептин автору, кыргыз окумуштуучу Рафис Абазов учурда Нью-Йокртогу Колумбия университетинин Хариман институтунда сабак берет. Былтыр анын “Борбор Азиянын маданияты жана салттары" деген китеби да англис тилинде жарык көргөн эле.