Алар муну менен өлкө президенттигине оппозициядан талапкер, парламенттин мурдагы төрагасы Артур Багдасарянга колдоо көргөзүштү. Багдасарян шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө азыркы бийликтин саясатын сынга алууда. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, ал талапкерлер ичинен, азыркы премьер- министр, президент Кочерян мураскери катары тандаган Серж Саркиясянга куйрук улаш жүрүүдө. Шайлоо 19 –февралда болот.