Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Иракта мурдагы Баас партиясынын төмөнкү баскычтагы мүчөлөрү кайрадан өкмөттүк кызматка келүүсүнө жол ачкан мыйзам кабыл алынды


Иракта президенттик кеңеш мурдагы Баас партиясынын төмөнкү баскычтагы мүчөлөрү кайрадан өкмөттүк кызматка келүүсүнө жол ачкан мыйзамды бекитти. Документ буга чейин парламентте жактырылган эле. Бул - Ирактын сунни, шийи жана азчылыкты түзгөн күрд жамааты арасында элдешүү орношун колдоого багытталган мыйзам актыларынын алгачкылары. Андан маркум Саддам Хусейндин партиясынын мурдагы 38 миңдей мүчөсү пайдалана алат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG