Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

10:27 “Мен сүйөм сени, Кыргызстан” аттуу акция болоору тууралуу Бишкек шаардык мэрияга билдирүү жолдонду


Бул тууралуу “Мен ишенбейм...” иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди. “Аталган акциянын уюштуруучулары 14-февраль сүйүү күнүндө “Мен сүйөм сени, Кыргызстан” деген тынч демонстрация уюштурганы жатабыз. Демонстрацияга мекенге болгон сүйүүсүн билдирүүнү каалаган жаштар катышат. Бул иш-чара тууралуу 1 – февраль күнү Бишкек шаардык мэриясына атайын билдирүү жолдодук. Бийлик бизге демонстрацияны өткөрүүгө уруксат берет деп ишенебиз, анткени анын эч кандай саясий мааниси болбойт. Ал эми бул акцияны уюштуруу боюнча жоопкерчиликти төрт адам мойнубузга алдык. Алар Жоомарт Сапарбаев, Азамат Жаныбаев, Айсулуу Алымбек кызы жана мен”, - деди Г. Абдирасулова. (ESu)

XS
SM
MD
LG