Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

ИНДЕЕЦТЕРДИН ТҮБҮ ТҮРКПҮ?


Индеецтердин түбү түркпү?

Түркияда чыгуучу Zaman гезитинин кечөөкү санында жарыяланган бир макалада “индеецтердин ата-бабалары түркпү”? деген суроонун жандырмагы изделген. Өткөн аптада АКШнын Нью-Йорк шаарында болуп өткөн “Түрктөр менен индеецтердин ортосундогу орток өзгөчөлүктөр” аталган панелде бул эки калк арасында көптөгөн маданий, фольклордук жана лингвистикалык окшоштуктор бар экени дагы бир жолу далилделгени көрсөтүлгөн макалада бул тема тууралуу Түркияда жүргүзүлүп келе жаткан илимий изилдөөлөргө орун берилген. Анда жазылгандарга ылайык, Эскишехир Осмонгази университетинин Социологиялык Билимдер институтунда Арзу Етим айым өткөн жылы коргоп чыккан “Түрк жана индеец мифологияларында адам менен табыйгат ортосундогу мамиле” деген диссертациясында бул эки улуттун уламыш-дастандарындагы окшош темаларды изилдеген. Индеецтердеги айлана чөйрөнү, демек табиятты урматтоо деген түшүнүк түркий-тектеш калктардын ыйман дүйнөсүндө дагы мерчемдүү орун ээлегени көрсөтүлгөн диссертацияда, Борбор Азия жана Сибирден Беринг кысыгы аркылуу Америкага көчкөн калктар өзү менен бирге шаманизмди дагы алып барышгандыгы, түрдүүчө илимий изилдөөлөр аркылуу такталганы далилденет.

Гезиттин ошол эле санында жарияланган айрым бир макалада болсо, президенттик орунга олтургандан кийин Казакстан жана Түркмөнистанга саякатка барган президент Абдуллах Гүлдүн Орто Азия күн тартибинде кезек Кыргызстан менен Өзбекстанга келгени билдирилет. Гүл мырзанын бул орунга келүүсү менен бирге Түркиянын боордош түркий-тектеш жумуруяттар менен мамилесинде сезилердик өнүгүү байкалганы белгиленген макалада мамилелердин мындан ары өнүгүүсүнө демөөрчү болуш үчүн президент Абдуллах Гүлдүн сүрөөнчүлүгүндө “Түрк Дүйнөсү” жазуучулар жана көркөм өнөр фонду “TURKSAV” тарабынан илимий бир конкурс уюштурулат деп айтылат. “Түрк дүйнөсүнүн келечеги тууралуу стратегиялар” деген темадагы илимий макалалар жарыша турган конкурста даражага киргендер байге алышат. Бул тууралуу пикирин баяндаган президент Абдуллах Гүл конкурстун жюрисинин курамына бардык түркий-тектеш калктардын өкүлдөрү кирүүсү абзел экенин билдирген.

“Кыргызгаз” ГАЗПРОМго сатылмай болдубу?

“АКШ Борбор Азиянын энергетика ресурстары үстүнөн жүрүп жаткан чоң таймашта өзүнүн гео-саясий таламдарын талашып жаткан кезде, Кремль кол куушуруп сырттан байкап бараткан жери жок” делинет “Eurasia View” аталышындагы интернет баракчасында кыргыз-орус газ келишими тууралуу жазылган макалада. Кыргызстан “Кыргызгазды” Росияга менчиктештирүүгө бергени жатканы көрсөтүлгөн көлөмдүү макалада, Москванын Европаны табигый газ менен тейлөөдөгү монополиясын бекемдеш үчүн ГАЗПРОМ аркылуу баштаткан ири өнөктүгү кең-кесири талдоого алынат.

Жождордо жоолук салынууга уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоору парламентке сунуш кылынды

Түркиялык басма сөздөрдө кийинки күндөрдө биринчи орунга көтөрүлгөн тема - ЖОЖдордо жоолук тагууга уруксат берип-бербөө маселеси. Бул тууралуу башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү партиясы менен оппозициядагы кичине партия МХПнын ортосунда жетишилген мунаса аркылу даярдалган мыйзам долбоору парламентке сунуш этилди. Ондогон жылдардан бери өлкөдөгү лаик-секуляристтик чөйрөлөр менен динди бекем кармаган саясатчылар ортосундагы жарылгыч мүнөздөги эрегишүүнүн очогу болуп келген турбан проблемасына батыштык серепчилер дагы кунт коюу менен байкоо салууда. Лондондун ‘Financial Times’ гезитинин кечөөкү санында чыккан макаласында Винсент Боланд бул тууралуу кийинки өнүгүүлөрдү окурмандар менен тең бөлүшүп, турбан жөнүндөгү мыйзам долбоору эми өлкөнүн ЖОЖдорунун ректорлорун жикке бөлгөнүнө көңүл бурган.


Аким Өзгөн, Түркия
XS
SM
MD
LG