Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

11:24 Аксы окуясы боюнча сот иши кайрадан Жалалабадда улантат


Аксылык жабырлануучулардын коомдук коргоочусу Азиза Абдирасулованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, сот иши 6-февралга белгиленди. Республикалык аскер сотунун январда башталган көчмө отуруму күндүн сууктугуна жана адвокаттардын ооруп калгандыгына байланыштуу убактылуу токтотулган. Айыпталуучу тараптын ишти кароону Бишкекке которуу сунушу соттон колдоо тапкан эмес. Аксы окуясы боюнча кайра козголгон кылмыш иштин негизинде былтыр Бишкек горнизондук соту Жалалабад облустук милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев менен облустук прокурор Зоотбек Кудайбергеновду беш жылга шарттуу кесип, ИИМдин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаев акталган. Республикалык аскер соту айыпталуучу жана жабырлануучу тараптардын горнизондук сот чечимине нааразы арыздарын кароого 10-январда киришкен. (BuS)

XS
SM
MD
LG