Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

15:23 Кумтөр боюнча макулдашууну ратификциялоо маселеси кайрадан күн тартибине коюлууда


Бүгүн Жогорку Кеңештин экономика, бюджет жана каржы комитети Кумтөр ишканасы менен Кыргыз өкмөтү ортосундагы макулдашууну талкуулап, парламенттер аралык байланыш жана эл аралык кызматташтык комитетинин карамагына берди. Канадалык компания менен Алмаз Атамбаев премьер министр болуп турган кезде кыргыз өкмөтү былтыр бир нече айлампадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишкен макулдашуу өткөн парламенттин кароосуна берилип, бирок, акырына чыкпай калган. Комитет төрага орун басары, депутат Максат Кунакуновдун билдиргенине караганда, долбоорду ратифиакциялоо маселесинде суроо пайда кылып жаткан жагдайлар болууда. Ошондуктан, тиешелүү комитет бүтүм чыгарып, анын негизинде фракцияда кеңири талкууга алынат. Кабыл алынган макулдашууда көрсөтүлгөнгө караганда, Кыргызстан казылган алтындын 30%ке чейинки үлүшүн алуу шарты каралгандыгы мурда маалымдалган. (BuS)

XS
SM
MD
LG