Жогорку окуу жайлардын ректорлор кеңеши бүгүн парламенттин төрагасы Адахан Мадумаровго, экономика, каржы, бюджет жана билим, илим, маданият, маалымат саясаты комитет төрагаларына жолдоду. Буга ЖОЖдордун атайын каражаттарынын 20%ын жалпы билим берүү тармагын каржылоо үчүн мамлекеттик бюджетке бөлүп берүү тууралуу 2008-жылдын бюджет долбооруна киргизилип жаткан жобо негиз болду. Кайрылууда белгиленгенге караганда, бул кадам окуу жайлардын экономикалык негиздерин үзгүлтүккө учуратат, жождордогу кыскарууларга, айлыктардын чектелишине алып келет. Ошондой эле балдарын окутууга берген ата-энелердин акчасын бюджетке алуу контрактты одоно бузат жана ата-энелердин нааразылыгын жаратат деп айтылат кайрылууда. (BuS)
15:59 Ректорлор кеңеши: ЖОЖдордун атайын каражаттарын кесүү экономикалык, социалдык тескери кесепеттерге алып келет