Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

16:39 Кыргызстандын президенти Индиянын премьер министрин Кыргызстанга чакырды


Расмий чакырууну тышкы иштер министри Эднан Карабаев бүгүн Индиянын тышкы иштер министри Пранаб Мукержи менен жолугушууда премьер министр М. Синхкке даректеп тапшырды. Жолугушууда ошондой эле президент Бакиевдин 2008-жылдын аягында болору болжолдонгон Индияга сапары талкууланды. Эки министр жолугушууда мындан тышкары саясий, соода-экономикалык жана маданий гуманитардык багыттагы кызматташтыктын долбоорлорун, эл аралык актуалдуу маселелерди талкуулашты. Оштогу жер титирөөгө Индия тарап 100 миң доллар жардам берүүнү убада кылды. Өткөн аптадан бери Араб өлкөлөрүн расмий сапар менен кыдырып жүргөн Эднан Карабаевдин Индиядагы сапары бүгүн башталды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG