Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

17:14 Дүйнөдө мерт болгон 65 журналисттин катарында Алишер Саипов да бар


Былтыр дүйнө жүзү боюнча 65 журналист киши колдуу болгон. Журналисти өлтүрүлгөн өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы бар. Бул тууралуу журналисттердин эл аралык уюму даярдаган отчетто айтылат. Отчет Кыргызстанды «Сиесот» гезитинин негиздөөчүсү, көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшү менен байланыштырган. Уюм ошондой эле «Кыргыз руху» гезитинин имаратынын өрттөлүшү, КТР, НТС телеканалдарынын журналисттеринин сабалышы өңдүү мисалдарды журналисттерге кол салуу фактылары катары келтирген. Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык уюм Кыргызстандагы бул өңдүү көрүнүштөрдү президент Курманбек Бакиевдин авторитардык саясий ыкмасынын туундусу катары сыпаттаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG