Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

18:29 А. Атамбаевдин автоунаасына таш ыргыткандардын ишин облустук сот карайт


Себеби өткөн жылы 15-декабрда Талас райондук сотто аталган иш боюнча 8 адамдын иши каралып, Сыргабек Молдобаев менен Зина Дүйшөналиева сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, шарттуу түрдө эки жылга кесилишкен. Талас райондук соттун мындай чечимине нааразы болгон Сыргабек Молдобаев облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Олустук прокуратура дагы облустук сотко ишти кайра кароо тууралу сунуштама катын жөнөткөн. Ошол себептен облустук сотто 8 адамдын иши кайрадан толугу менен карала турган болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” облустук прокурордун орун басары Астапа Казиев билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG