Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:11

07:10 Ачкачылык кармаган УТРКнын эки кызматкери ооруканага жеткирилди


Нааразылыкка чыккандардын бири, УТРКнын жетекчисинин мурунку орун басары Бейшенбек Бекешовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ачкачылык кармаган Рая Алиева жана Жийде Абдымамытовалардын саламаттыгы начарлап, кечээ кечинде алар тез жардам менен ооруканага жеткирилди. УТРКнын жетекчилигинин жүргүзгөн саясатына нааразы болуп, телеканалдын жетекчилигин кызматтан алуу талабы менен чыккан он бир адамдын ачкачылык кармап жатканына бүгүн 6 күн болду. УТРКнын жетекчилиги болсо кызматкерлердин мындай нааразылыгы негизсиз деп айтышууда. Ачкачылык акциясы Бейшенбек Бекешовдун үйүндө уланууда. (MSu)

XS
SM
MD
LG