Уюмдун азыркы төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Рупель баштаган топ Кавказ чөлкөмүн кыдырууда. Еврошаркет делегациясы кечээ Азербайжанда болду. Уюмдун тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро – Валднер белгилегендей, Азербайжанда экономикалык жактан прогресс бар, бирок демократияны өнүктүрүү багытында көбүрөөк иш жасоого муктаж. Делегация Грузиядан соң Арменияга барат.