Эл аралык миграция уюму «Кыргызстандагы адам сатуу фактыларын журналисттик иликтөөнүн технологиялары жана проблемалары» аттуу тегерек үстөл талкуусун өткөргөнү жатат. Талкуу 20-февралга белгиленди. Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылы адам уурдоо фактысы боюнча 30дан ашык кылмыш иши козголуп, Миграция жана калкты жайгаштыруу комитетине 50дөн ашык арыз түшкөн. 20дан ашык жабырлануучулар чет өлкөлөрдөн кайтарылган. (BuS)