Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:59

14:01 Кыргыз омбудсмени 1999-жылкы баткен окуялары боюнча парламенттик комиссия түзүү керек дейт


Бул тууралуу бүгүн Омбудсмендин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, 31-январда Омбудсмен Турсунбай Бакир уулу парламентте жылдык доклады менен чыккан учурда азырга чейин маанисин жогото элек баткен окуялары боюнча суроо көтөрүлгөн. Т.Бакир уулунун оюнда, Өзбекстандын Ислам Кыймылынын жикчилери Кыргызстанга киргени, жапон геологдору менен кыргыз милиционерлеринин бошотулушу жана “финансисттердин” иштери тууралуу толук чындык азырга чейин айтылбай келет. Мурдагы президент Аскар Акаевдин айланасында болгон мамлекеттик чиновниктер ал окуялар боюнча чындыктын айтылбай калышы үчүн аракет кылышууда. Турсунбай Бакир уулу чындыкты өз учурунда айтууга аракет кылганын, бирок ал жалпы коомчулукка жетпей калганын билдирди. Андыктан Омбудсмен бул окуяларды ачык иликтей турган көз карандысыз парламенттик комиссия түзүү сунушун көтөрүп чыкты, деп айтылат кабарда. Т.Бакир уулу иликтөөлөр учурунда мурдагы президент Аскар Акаевди, Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы Болот Жанузаковду, мурдагы министр Мисир Ашыркуловду жана бир топ башка кишилерди угуу керектигин билдирди. (TD)

XS
SM
MD
LG