Мындай маалыматты өкмөттүн карамагындагы Каржы полициясынын тергөө башкармалыгынын башчысы Турарбек Масыбаев «Азаттыкка» тастыктады. Масыбаев тергөөнүн сырын эске алып, маселенин чоо-жайына кеңири токтолгон жок. Бейрасмий маалыматтарга караганда, чет өлкөлүк ишкана 2003-жылдын 31-декабрында өкмөт менен түзгөн келишимге таянып, каржылык жеңилдиктерден пайдаланып келген. Бул келишимде президенттин колдоосу да, парламенттин ратификациясы да жок. Ошондуктан, каржы полициясы ишкана каржылык жеңилдикти аталган макулдашуунун чегинде пайдалана албайт жана 2003-жылдан бери салык жашырып келген катары саналат деп эсептөөдө. (BuS)
14:40 Каржы полициясы «Кумтор голд компани», Centerra Gold Inc. ишканаларына салык жашырды деп кылмыш ишин козгоду