Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

16:50 ИИМ: Диний экстремизм өлкөнүн түндүгүндө активдеше баштады


Буга чейин диний экстремизм жана ишмердүүлүгүнө тыйуу салынган “Хизбут-Тахрир” партиясы өңдүү уюмдардын иши өлкөнүн түштүгүндө кеңири таралган деп айтылып келген. Бирок Ички иштер министрлигинин бүгүнкү жыйынында айтылгандай, 2007-жылы диний экстремизмди жайылтуу боюнча катталган фактылардын басымдуу бөлүгү, 100 жакыны, өлкөнүн түндүгүндө болгон. Жалпысынан былтыр диний экстремизмди жайылтууга далалат жасалган 169 факты катталганы, тыйуу салынган агымдарга тийиштиги бар 161 адам кармалганы кабарланды. Кыргызстанда “Хизбут-Тахрирге” тийиштиги бар болушу мүмкүн деп шектелген мусулмандарды кысмактоо, аларга орой мамиле жасоо 2007-жылы күч алганын жакында Human Rights Watch эларалык уюму да жылдык докладында айткан болчу. (TD)

XS
SM
MD
LG