Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

17:01 Ошто эмгек мигранттарын чет өлкөдө жумушка жайгаштырам деген шылуундар көбөйдү


Ош шаардык миграция жана жумушка жайгаштыруу комитетинин төрайымы Нурийла Жолдошева таркаткан маалыматка караганда, шылуун адамдар Орусия, Казакстан, Кореяга жөнөтөм деп ар кишиден 1500-2000 доллардан топтоп жатышат. Муну билишсе да укук коргоо органдары алигүнчө чара көрүшө элек. Оштогу «Мыйзам жана тартип» бейөкмөт уюмунун төрагасы Изатилла Рахматуллаев мигранттардын маселесин мамлекет өз колуна албагандыктан, миңдеген кыргызстандыктар алданып чет өлкөгө барып, кулчулукка тушугуп жатканын белгилейт. (АТо)

XS
SM
MD
LG